Өрнөк айылындагы Өрнөк орто мектебинин тарыхынан.
Өрнөк айылында алгачкы мектеп 1950-51-жылдары курулган. Ал кезде 7 жылдык мектеп болуп ачылган. Мектептин алгачкы директору Ибраимов Жумаш агай болгон. Андан кийин мектеп 3 жылдык болуп,башталгыч класс мектеби болуп кайрадан түзүлгөн. Мектеп директору Токсобаев Молдокан агай 1959-60 жылдары иштеген.
1970-жылга чейин мектеп директорлору улам алмашып турган. Ошол жылдары тажрыйбалуу мугалимдер: Мамбетов Шайдин агай, Сейитказиева Акий эжейлер иштеп турушкан. 1970-жылы мектеп 8 жылдык болуп кайрадан түзүлүп, мектеп директору Жолдошев Сүйүналы агай 1979-жылга чейин иштеп келген. 1979-жылдан 1990-жылдарга чейин Жумалиев Токтогул агай иштеп турган. 1989-жылы мектеп 11-жылдык жалпы билим берүүчү мектеп болуп ачылган. Учурда 1991-жылдан баштап Усенов Мурат агай директордук кызматта үзүрлүү эмгектенип келүүдө. Мектептин ардагер мугалимдери; Абыкаева Үмүт эжей, Асанбаев Абылкасым агай, Элебесова Нурбүбү эжейлер ардактуу эс алууда. 2015/2016-окуу жылында мектепте 23 мугалим эмгектенип жатат. |