ХРОНОЛОГИЯ ПАПКАСЫ
Ата-энелер жыйналышы
Мектепте традициялык эмес ата-энелер жыйналышы өткөрүлүп жатат. Жыйналышта ата-энелер бири-бирине жылуу маанай каалоо, өз атын мимика менен түшүндүрүп берүү, ролдорду аткаруу, эссе жазуу тапшырмаларын аткаруу менен бири-бирин жакындан таанып, мамиле түзүүгө шарт түзүлөт. "Баламдын келечеги","Мен баламды кантип тарбиялайм", "Мен бактылуу ата-энемин" ж.б темаларда эссе жазып, өз оюн бөлүшүү менен балдардын тарбиясы, алардын келечеги тууралуу ой бөлүшүшөт |
Ачык эшиктер күнү
Ата-энелер менен байланышты күчөтүү максатында мектепте ачык эшиктер күнү өткөрүлүп турат. Ата-энелер балдарынын сабактарына катышып, билимин, жетишүүсүн, окуп түшүнүүсүн баалап, жетишпеген жагын үйдөн жардам берүүгө аракет кылат. Мугалим ата-эне менен бирдикте окуучунун билим сапатын көтөрүүгө аракеттенүүдө. |
Электрондук мектеп
Өрнөк орто мектеби электрондук мектеп. Мектепте бардык мугалимдер жеке ноутбук жана компьютерлер менен камсыздалган. Учурдун талабына жараша заманбап технология менен иштөө,интернет түйүнүн колдоно билүү,аны сабактарында пайдалана билүү үчүн мектеп ичинде семинар өтүлүп, мугалимдер өз билимин өркүндөтүүдө |
Нооруз майрамы
Башталгыч класстарда Нооруз майрамы ата-энелер менен бирдикте тосулду. Ата-энелер Нооруз майрамынын салты болгон арча менен аластоо,сүмөлөк бышыруу шартын көрсөтүп, айтып беришти. Сүмөлөк бышканча балдар ыр-бий көрсөтүп, энелер кыргыз элинин салттарынан үзүндү көрсөтүп турушту. |
Ачык сабак "Ысык-Көлдүн 7 акеси"
3-классында Мекен таануу сабагы боюнча "Ысык-Көлдүн 7 акеси" темасында ачык сабак өтүлдү. Сабакта балдар Көлдүн 7 акеси менен тааныштыруу менен көл өрөөнүнө саякатка алып чыгышты. Ошону менен бирге 7 санынын мааниси, кыргыз элинде 7 санынын колдонулушу, үрп-адаттар, кыргыз элинин маданияты жөнүндө айтылып өттү. |
Ата-энелер жыйналышы
4б-классында ата-энелер жыйналышы апалардын бири-бирине жагымдуу маанай каалоо менен башталды. андан кийин апалар балдарына каалоо-тилекти эссе түрүндө жазып жакташты. Азыркы учурда балдарды тарбиялоонун көйгөйлөрүн апалар топ-топко бөлүнүп топтордо класстер, диаграмма "Венна" түзүү менен чечүүгө аракет кылышты. |
"Энелерге ыр десте" тарбиялык саат
Башталгыч класстарда энелердин катышуусу менен энелерге арналган "Энелерге ыр десте" майрамдык тарбия сааты өтүлдү. Сабакта энелер балдарынын өнөрлөрүнө күбө болуу менен бирге өздөрү да активдүү катышып, көңүлдөрү ачылды. |
8-март
8-март "Аялдардан Эл аралык күнүнө" карата сүрөттөр,көркөм окуулар, эжейлерге арналган концерттик программа даярдалып, өткөрүлдү. |
5-март Ак калпак күнү
5-март "Ак калпак" күнү белгиленди. "Ак калпак" күнүндө тарбиялык сааттар өтүлүп, калпактын маанилүүлүгү түшүндүрүлдү. |
Пушкинская неделя "Пушкин-солнце русской поэзии"
Февралдын 3чү жумасы орус адабияты боюнча Пушкиндин жумалыгына арналды. "Пушкин-солнце русской поэзии" жумалыгында улуу орус адабиятчысы А.С.Пушкиндин өмүрү чыгармачылыгы боюнча сынак-конкурс өтүлдү. Сынак-конкурста дубал газеталар, сүрөттөр, көркөм окуу, рефераттар, буклеттер, кроссворддор, чыгармаларынан үзүндүлөр көрсөтүлүп, эң жакшы аткаргандар грамоталарга ээ болушту |
1-10 of 64