Фундаменталдык предметтер боюнча мониторингдин жыйынтыгынын негизинде 2016-2017-окуу жылы үчүн окуучулардын билим сапатын көтөрүү максатында предметтик мугалимдер үчүн төмөндөгүдөй милдеттер коюлду: -кыргыз тили боюнча бардык класстардын 1-11-класстардын окуучуларын 100% сабаттуу жазууга жана окууга калыптандыруу;
-башталгыч класстарда окуп,түшүнүүсүнүн үстүндө иштөө, -башталгыч класстарда окуучулардын кол жазмасынын үстүндө иштөө, -ар бир сабакта окуучулардын сүйлөө речин өстүрүү, -башталгыч класстан баштап окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүнүнө көңүл бөлүү, -окуучулардын кол жазмасына ар бир сабакта көңүл буруу, -Жөндөмдүү окуучулар менен жекече иш алып баруу, -райондук,областтык олимпиадаларга окуучуларды даярдоо, -11-класстын окуучуларынын билим денгээлин көтөрүү менен ОРТ га даярдоо, -математикалык багыттагы предметтерди окутууну колго алуу, -физика,химия сабактарында лабораториялык,практакалык иштерди жүргүзүүнү колго алуу, -орус жана чет тилдеринде эркин сүйлөөгө үйрөтүү, -тарых,география,биология сабактарында окуп түшүнүүсүнүн жана алган билимдерин практикада колдоно билүүсүнүн үстүндө иштөө, -кол эмгек,көркөм өнөр,музыка сабактарында балдардын чыгармачылыгын арттыруу, -кыргыз тил,адабият сабактарында эне тилин билүүгө,өз элинин маданиятын ардактоого үйрөтүү.
|