2015-2016-окуу жылынын кышкы каникулунда жаш муундардын ден соолугун чыңдоо жана эс алуусу

Дата публикации: Feb 08, 2015 7:38:14 AM

Урматтуу ата-энелер!

2015-2016-окуужылынын кышкы каникулу 31-декабрдан 25-январга чейин узартылат. Каникул убагында балдардын ден соолугун чыңдоо үчүн мектепте спорттук оюндар уюштурулат. Спорттук оюндар дүйшөмбү-жума күндөрү саат 10.00дөн 15.00гө чейин өткөрүлөт. Көрсөтүлгөн убакыттан башка убактарда балдардын ден соолугуна жана тартибине көзөмөл болуу ата-энелердин түздөн түз милдети.

Спорт оюндарынын расписаниеси.

4-8-январь 9-11 класстарда футбол оюндары (кыздар жана балдар командаларынын арасында) 5-8 класстарда волейбол (кыздар жана балдар командаларынын арасында) 2-4 класстарда шахмат шашки оюндары

11-15-январь 9-11 класстарда теннис оюну 5-8 класстарда футбол оюндары 2-4 класстарда улуттук оюндар 18-20-январь 5-11 класстарда улуттук оюндар 2-4 класстарда футбол оюндары

21-22-январь 8-11-класстарда эстафета оюндары мугалимдер командасы жана ата-энелер командалары менен 2-4 класстарда "Атам,апам жана мен" үй-бүлөлүк спорттук оюндар.

Спорт оюндарын өткөрүү жана балдардын ден соолугуна,тартибине көзөмөл болуу дене тарбия мугалими Б.Т.Дүйшеевге жана ийрим жетекчиси Муратбек уулу Мирланга милдеттендирилет.