Ата-энелер жыйналышы

Дата публикации: Mar 30, 2016 4:24:56 PM

Мектепте традициялык эмес ата-энелер

жыйналышы өткөрүлүп жатат. Жыйналышта

ата-энелер бири-бирине жылуу маанай каалоо,

өз атын мимика менен түшүндүрүп берүү,

ролдорду аткаруу, эссе жазуу тапшырмаларын

аткаруу менен бири-бирин жакындан таанып,

мамиле түзүүгө шарт түзүлөт. "Баламдын

келечеги","Мен баламды кантип тарбиялайм",

"Мен бактылуу ата-энемин" ж.б темаларда эссе

жазып, өз оюн бөлүшүү менен балдардын

тарбиясы, алардын келечеги тууралуу ой

бөлүшүшөт