ӨТКӨН ОКУУ ЖЫЛЫНА АНАЛИЗ

2014-2015-окуу жылына анализ.

Киришүү. 2014-2015-окуу жылында 1-2-3-баскычтагы класстар базистик окуу планы менен

окуду.

2014-2015-окуу жылында Өрнөк орто мектебинде 21 мугалим эмгектенди,238 окуучу

билим алды. Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлдү, мектепте окуган балдардын этникалык

составы 100% кыргыздарды түзөт. Бардыгы 13 класс комплект бар:

1-4-класс – 5класс, 5-9-класс -6-класс, 10-11-класс- 2класс.Окуучулардын саы 238

Анын ичинен кыздары 117, эркек балдары 109.

Окуучулардын социалдык изилдөөсү боюнча жакыр үй-бүлөдөн 8 окуучу билим алат;

өзгөчө муктаждыкка ээ болгон окуучулар 8, ИДН дин учетунда тартиби оор окуучулар

2 эркек балдар, тоголок жетимдерден 1 кыз.

Мектептин имараты 1961 жылы салынган, мектепти жылытуу үчүн көмүр колдонулат,

спорт зал, актовый зал жок, мебелдер жетиштүү, компьютердик класс бар.

Ашкананын абалы канааттандыраарлык.

Билим сапаты жалпы мектеп боюнча өткөн окуу жылында 32.2%ти түзгөн. Олимпиаданын

жыйынтыгы боюнча райондуктан 3 окуучу кыргыз тили, математика, информатика

предметтери боюнча жакшы көрсөткүчтөргө ээ болгон, ал эми областтык жана

республикалык олимпиадаларга окуучулардын мүмкүнчүлүгү жеткен эмес.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен 11-класстын 16 окуучусу

катышып, эң алдыңкы көрсөткүч 140 баллга жеткен, 110 дон жогорку баллды 8 окуучу,

100дөн ашык баллды 12 окуучу топтой алган.

Жогорку бюджеттик окуу жайына өткөн окуучулар мурунку жылдын жыйынтыгы

боюнча 5.5%ти түзгөн.

Жалпы мугалимдердин саны 24, декреттик отпускада 3, иштеп жаткан мугалимдер 21;

алардын ичинен 20 жогорку билимдүү,Эл агартуунун отличниги төш белгисине ээ болгондор 6,

пенсия жашындагылар 4, 2 жаш мугалим бар. 2014-2015-окуу жылында 4

мугалим Каракол шаарындагы ОИУУдан 2 мугалим КАОнун курсунан өтүп келди.

1.Педкадрлар менен иштөө. Биздин мектепте 21 мугалим эмгектенет. Мектеп боюнча

педкадрлар жетиштүү, пенсия курагындагы мугалимдер 4, эмгек стажысы 20 жылдан

ашкан мугалимдер 12, 10 жылдан ашык иштегендер 4, жаш мугалимдер 2, жаш

мугалимдерге усулдук жардам берүү үчүн 2 насаатчы мугалим дайындалган.

Мугалимдин кесиптик денгээлин жана өз билимин көтөрүү боюнча мектепте толук

шарттар түзүлгөн, мектеп администрациясы тарабынан атайын усулдук күндөр уюшулган,

усулдук күндөрдө мугалимдер өзгөчө актуалдуу жана көйгөйлүү проблемалар боюнча

тегерек столдорду, конференцияларды, түрдүү отурумдарды, тренингдерди өткөрүштү.

Мисалы; куррикулум,формативдик баалоо, окуучуларга дифференциалдык мамиле жасоо

темаларында усулдук семинарлар өткөрүлдү.

2014-2015-окуу жылында усулдук бирикмелердин жетекчилери кайра шайланды.

Табигый-математикалык топтун жетекчиси Орунбаева Н ордуна калтырылды, башталгыч

класстардын тобуна Токтомамбетова Д, гуманитардык топтун жетекчилигине

Шамбетова Г шайланышты.

2014-2015-окуу жылында ар бир предметтик мугалим

-Ар бир сабакта окуучулардын сүйлөө речин өстүрүү,

-Башталгыч класстан баштап окуучулардын логикалык ойлоосуна көңүл буруу,

-Окуучулардын кол жазмасына ар бир сабакта көңүл буруу,

-Жөндөмдүү окуучулар менен жекече иш алып баруу,

-Математикалык багыттагы предметтерди окутууну колго алуунун үстүндө иштешти.

Өткөн окуу жылында Өрнөк орто мектебинин мугалимдери өз билимдерин

жогорулатуу максатында ОИУУга орус тил мугалими Шамбетова Г, кыргыз тил мугалими

Мусаева Г, тарых мугалими Асанбаев А, кыргыз тил мугалими Усубакунова А, КАОнун

курсуна орус тил мугалими Акматбекова В, кыргыз тил мугалими Асангазиева Ж барып

келди.

Азыркы мезгилдин талабына ылайык башталгыч класста жаны технологияларды

пайдалануу менен окуучуларга билим берүү деген темада башталгыч класстын мугалими

Жанабулова Зайракан мугалимдерге семинар-тренинг өттү. Мында мугалимдер жаны

технологияларды колдонуу менен башталгыч класстарда билим берүүнүн ыкмалары

менен таанышышты. Формативдик баалоо боюнча орус тили мугалими Шамбетова

Гүлнара гуманитардык багыттагы мугалимдерге, математика мугалими Орумбаева

Махават математика багытындагы мугалимдерге, Токтомамбетова Дилара Башталгыч

класстардын мугалимдерине семинар-тренингдерди өтүштү.Мындан тышкары

2015-жылдын март айында райондук башталгыч класстардын мугалимдери үчүн

“Окуучулардын билим сапатын көтөрүү жана баалоонун түрлөрү” темасында район

аралык семинар өтүлдү.

Бул семинар-тренингдерден мугалимдер окуучуларды туура баалоого жана жаны

технологияларды колдонуп сабак өтүүнүн формалары менен таанышышты.

Мугалимдердин компьютердик билимин өркүндөтүү максатында Өрнөк орто мектебинде

Усенов Мурат семинар өттү. Бул семинарлардан мугалимдер сабактарга компьютердик

техниканы кантип пайдалануу боюнча билимдерди алышты.Жогорудагыларды карап

көрүп мугалимдер үчүн төмөндөгүдөй милдеттерди алдык:

-мугалимдердин билимин мектепте тынымсыз көтөрүп туруу

-райондогу болуп турган семинарарга, бенефистерге жиберип туруу

-ОИУУга,КАОго мугалимдердин билимин көтөрүп турууга жиберип туруу

-мектепте мугалимдер үчүн семинар-тренингдерди өтүп туруу

Жаш мугалимдер менен иш алып баруу жогорку денгээлге коюлду.Насаатчы мугалимдер

менен бирге мектеп администрациясы жыл бою системалуу түрдө үзгүлтүксүз иш алып

барды, жаш мугалимдер үчүн ачык эшик жарыяланды, ачык сабактардын тизмеги

коюлду,сабактын планын жазууда максатын,негизги түшүнүктөрүн жана башка

элементтерин пайдалануунун эффективдүү жолдору көрсөтүлдү.

2.Окуу планынын аткарылышы.

1-11-класстар жалпы орто билим берүү мектеби үчүн 2014-2015-окуу жылынын базистик

окуу планы менен окутулду. Мекен таануу,адеп,экономика,адам жана коом,чийүү,эмгек

сабактары интеграцияланган түрдө окутулду. 2014/2015 окуу жылына карата 1-4-класстар үчүн

115 саат, 5-9-класстар үчүн 177 саат,10-11-класстар үчүн 59 саат, жалпы 351 саат мугалимдерге

бөлүштүрүлүп берилди. Сааттарга ылайык расписаниелер түзүлүп, окуу процесси башталды.

Окуучулардын жетишкендиктери 2014-2015-окуу жылында мектептин билим сапаты 2%ке

өстү, бул өсүш мектептин жалпы мониторингинен көрүнүп турат.

ОРТ боюнча 11-класстын окуучулары жакшы көрсөткүчтөрдү берди. Тестке барган

окуучулардын 50%ти 110 баллдан жогору көрсөткүчтөрдү көрсөтө алды. Эң жогорку

баллга 140 менен 11-класстын окуучусу Шаршенбаева Алина татыктуу болду.110 баллдан

жогору көрсөткүчтөргө 8 окуучу, 100дөн ашык баллга 12 окуучу татыктуу болду.

2014-2015-окуу жылында райондук жана областтык предметтик олимпиадаларда Өрнөк

орто мектебинин окуучулары жакшы жетишкендиктерге жетише алган жок. Бул көрсөткүч

окуучулар менен предмет аралык олимпиадага даярданбагандык,ошондуктан быйылкы

окуу жылында ар бир предмет боюнча окуучуларды мугалимдерге бекитип берүү жана

даярдануусун текшерип туруу. Буга да кошумча мектепте ар бир класста бирден класс

болгондуктан жана окуучулардын санынын аздыгы да өзүнүн жаман жагын көрсөтүүдө.

Чейрек сайын ар бир предметтен окуучулардын билим сапатын билүү максатында

мурунку жылдардын жетишкендиктеринин салыштыруу мониторингин жүргүзүп турдук.

Мындан биз окуучу кайсы сабактан жакшы билим алып жаткандыгын жана кайсы

сабактар начар берилип жаткандыгына күбө болдук. Жалпысынан алганда мектепте

кыргыз тили жана адабияты сабагы жана математика боюнча жакшы өсүштөр бар,

калган сабактардан өсүш аз.

2014-2015-окуу жылында 1 жарым жылдык жана 2 жарым жылдыкка карата окуучулардын билим денгээли боюнча өсүү динамикасы.

жылдык анализ текстовый отчет.docx

Жогорудагы көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгы боюнча алсак, 2014/2015-окуу жылынын 1 жарым жылдыгына караганда 2 жарым жылдыгында 2.5%ке өсүш болгон. Мунун себеби 2-жарым жылдыкта окуучулардын билим сапаты жогорулаган, сабактар эффективдүү өтүлүп, сабакка болгон кызыгуулары арткан.Окуу жылынын 1-жарым жылдыгында 1%гана өсүш болгон,бул көрсөткүчтүн негизинде ар бир предметтик мугалимге жетишпеген окуучулар менен иштөө жана таланттуу,жөндөмдүү окуучулардын билим денгээлин көтөрүүнүн үстүндө иштөө милдеттендирилген.

Мугалимдин алдына койгон максаттын үстүндө иштөө менен 2-жарым жылдыкта

Окуучулардын билим денгээли аз да болсо жогорулаган.

Эгерде билим сапаты 2-чейректин жыйынтыгы боюнча 2%ти түзсө. Бул %тик көрсөткүчтү кийинки чейректерде көтөрүүнү милдет катары кабыл алынып, 4-чейректин жыйынтыгы жана жылдык жыйынтык боюнча бул % тик көрсөткүч +2.5%ке көтөрүлгөн.

Окуу процесси ички көзөмөлдүн негизинде жүргүзүлүп, ай сайын предметтер боюнча сабактардын өтүлүшү текшерилип турду. Предметтик декадалар, семинар-тренингдер, ачык сабактар, интеллектуалдык марафондор, конкурстар өтүлүп турду.

Жыл ичинде чейрек сайын административдик текшкрүү иштер, жат жазуулар, тесттер алыныптурду. Бул срездин жыйынтыгы боюнча ар бир предметтерден 28%тен 38%ке чейинки көрсөткүчтү берген.

Сентябрь айынан баштап администрация тарабынан мугалимдердин сабактарына катышып, кемчиликтери жана жетишкендиктери оюнча анализ берилип турду.

Жаш мугалимдерге насаатчы мугалимдер бекитилип, сабак өтүүнүн методдору, сабкка даярдануу,өзүн алып жүрүү ж.б боюнча көрсөтмөлөр берилди.

Тажрыйбалуу мугалимдердин тажрыйбаларын жайылтуу үчүн сабак-тренингдер, ачык сабактар өтүлдү.Октябрь декабрь айларында башталгыч класстарда окуучулардын окуп түшүнүүсүн, билим сапатын,жазуу иштерин, дептерлери текшерилип, кемчиликтери жана жетишкендиктери айтылып өттү. Бул боюнча педкеңеште каралып, айрым мугалимдерге эскертүү берилди.

Март айында райондук масштабда башталгыч класстардын мугалимдеринин арасында “Окуучулардын билим сапатын жогорулатуу жана баалоонун түрлөрү” темасында семинар өтүлүп,

мугалимдер арасында тажрыйба алмашуу болду. Семинарга даярдануу убагында окуучулардын билим денгээли аз да болсо көтөрүлүп, сабакка болгон жоопкерчилиги артты.

Апрель айында район ичинде өткөрүлгөн “Жыл мугалими-2015” конкурсуна башталгыч класстын мугалими Курманалиева Замира катышып, 3-орунга татыктуу болду.

Окуучуларды райондук,областтык,республикалык олимпиадаларга даярдоонун негизинде жыйынтык начар чыккандыгын моюнга алуу керек. Даярдалган окуучуларыбыз райондук олимпиададан 2-3 орундарга ээ болуу менен чектелип, областтык олимпиадага бара алган жок.

Бул маселе мектептин педкеңешинде каралып, предметтик мугалимдерге эскертүү берилип, кийинки окуу жылында областтык олимпиадага чыгууну милдет катары кабыл алышты.

Жыл аягында класстан класска көчүрүү экзамендери алынып, окуучулар 100% класстан класска көчүрүлдү.

9-11-класстарда жыйынтыктоо аттестациясы жүргүзүлүп, 9-класстарга күбөлүктөр,11-класстын окуучуларына аттестаттар тапшырылып, окуу жылы жыйынтыкталды.

11-класстын 16 окуучусу ОРТ тапшырып, 100 баллга чейин 4 окуучу, 100 баллдан өйдө 12 окуучу, 110 баллдан өйдө 8 окуучу жана эң жогорку балл 140 баллды түзүп, жыйынтыгы 50% ти түздү.

2014-2015-окуу жылы боюнча ОРТ жыйынтыгы

ОРТ боюнча 3 жылдын салыштыруу мониторинги

3.Тарбиялык иштер.

Тарбия иштери жыл башында белгиленген пландарга ылайык жүргүзүлдү.

Ар бир класс жетекчи менен жана өзүн-өзү башкаруу уюмунун мүчөлөрү менен ар бир айда

аткарыла турган иштер талкууланып,бекитилген.

Ар бир ай ичинде ар бир класс жетекчи тарбиялык сааттарды өтүшүп,орчундуу маселелер боюнча

иш алып барышты.

Окуучулардын келип-кеткени, сабакка,коомдук иштерге катышуусу, мектеп формасын кийиши

такай көзөмөлгө алынып турду.

Мындан тышкары:

Сентябрь айында “Билим күнүнө” карата ачык сааттар өтүлдү.Жалпы ата-энелер чогулушу болуп,

үч тараптуу келишимдер түзүлүп, бекитилди. Ар бир класста окуучулардын социалдык абалы такталды.

“Кыргыз тили-мамлекеттик тил” жумалыгы өткөрүлүп,активдүү катышкан класстар жана айрым

окуучулар белгиленип,грамоталар менен сыйланышты.

“Тамеки ден-соолукка зыян”,”Насвай” темаларында тарбиялык сааттар өтүлүп, мектеп ичинде

түшүндүрүү иштери, насвайдын,тамекинин зыяндуулугу боюнча кинотасмалар көрсөтүлдү.

Октябрь айы боюнча:

“Балдардын укугу тууралуу Конвенция” боюнча класстык сааттар өтүлдү. Мында балдардын укугу

тууралуу түшүнүк берилди.

“Мугалим-мөмөлүү дарак” майрамына карата дублер күнү,майрамдык концерттер,ачык сабактар

өтүлдү.

“Карылар күнүнө” карата кары адамдар менен жолугушуу өткөрүлүп,арноо концерти берилди.

“Тимурчулар командасы” карыларды шефке алып, үйлөрүнө рейддерди жүргүзүштү,мектепте

майрамдык концерт өткөрүлүп,класстык сааттар өтүлдү.

“Фтын күз”,”Күз берекеси” дасторкону жайылып,”Күзгү бал” концерттик программасы өтүлдү.

Дубал газеталар илинип,”Күзгү боектор” деп аталган көргөзмө уюшулду. Көргөзмөдө түрлүү

жалбырактардан жасалган буюмдар,сүрөттөр көргөзүлдү.

Ноябрь айында:

“Тамашоу” куудулдар конкурсу 7-11-класстар арасында өтүлүп, балдардын таланттары,ойлоп

тапкычтыгы бааланды. Конкурста 10-класстын “Жигиттер” командасы эң жакшы даярдыктар

менен келип, 1-орунга татыктуу болду.

Мындан тышкары ар бир жума сайын кыздар кеңеши,балдар кеңеши,өзүн-өзү башкаруу

уюмдарынын жыйналыштары өтүлүп турду.

Соцпедагог,ИДН,өзүн-өзү башкаруу уюмунун мүчөлөрү, класс жетекчи,ата-энелер комитети,

администрация тарабынан “Үй-бүлө”,”Өспүрүм” рейддери жүргүзүлүп турду.

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга арноо концерти берилди.

Башталгыч класстарда “Китеп- биздин досубуз” класстык сааттары өтүлүп,окуу китептеринин

сакталышы, колдонулушу,сыртталышы текшерилди.

Ар бир жума сайын окуу китептери, күндөлүктөр, дептерлердин сакталышы текшерилип турду.

Декабрь айы боюнча:

Башталгыч класстарда жолдо жүрүү эрежелеринин жумалыгы өткөрүлүп, ачык класстык сааттар

өтүлдү.3б-классында “Жолдо сак бол! Эрежеге так бол!”ачык тарбиялык сааты, ата-энелердин

катышуусу менен 3а-классында “Атам,апам жана мен” тарбиялык сааты өтүлдү.

Ч Айтматовдун туулган күнүно карата “Кыргыздын өчпөс жылдызы” аттуу жумалык өткөрүлдү.

Жумалыкта чыгармаларынан көркөм окуу,үзүндүлөрдү аткаруу конкурсу, Айтматовдук окуу,

Дубал газеталар, чыгармаларынан иллюстрациялар,сүрөттөр,рефераттар,дил баяндар

конкурстары өткөрүлдү.

Суицид жана кылмыштуулук боюнча ата-энелер,ФАП кызматкерлери,имам, айылдык аялдар

кеңеши,мугалимдер, окуучулардын катышуусу менен суицид жана балдар кылмыштуулугу,

Анын себептери жана алдын алуу боюнча ой толгоо сабагы өткөрүлдү.

“СПИД жана аны алдын алуу” темасында ФАП кызматкерлери,имам, айылдык аялдар

кеңеши,мугалимдер, 8-11-класстардын окуучуларынын катышуусу менен диспут,тарбиялык

сааттар өтүлдү. К Бектенов атындагы Кара-Ой орто мектебинде өтүлгөн семинарга 10-класстын

окуучулары катышып келишти.Айылдык аялдар кеңеши, АДК тарабынан уюштурулган

конкурстарга катыша алышты.

Жаңы жылдык “Балаты” майрамы 1-8-класстарда жана 9-11-класстарда “Кышкы бал” концерттик

программасы өткөрүлдү.

Январь айында:

Окуучулардын жүрүш турушу, тартиби боюнча “Өзүн алып жүрүү маданияты” темасында

аңгемелешүү болуп, тартиби начар балдар менен иш жүргүзүлдү.

Мед. Кызматкерлери, АДК кызматкерлери менен жугуштуу оорулардын профилактикасы, алдын

алуу, сактануу боюнча жолугушуулар өттү.

Жума сайын кыздар жана балдар кеңеши өтүлүп, кыздардын жүрүш турушу,

балдардынтартиби,сабак калтыруу, сабакка кечигүүлөр боюнча иштер жүргүзүлүп турду.

ИДН, милиция кызматкерлери менен бирдикте окуучулар арасында зордук зомбулукту, рекетти

болтурбоо,алдын алуу максатында жолугушуулар өтүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

7б- классынын окуучулары томолой жетим Эсентай кызы Эркайым, соц жетим Абетова Аселдер

менен суйлөшүп,жашоо шарттарын иликтөө максатында үйлөрүнө рейд жүргүзүлдү.

Февраль айында:

Окуучулар арасында таланттуу балдарды иликтөө максатында “Алло! Биз таланттууларды издейбиз!” кароо-сынагы өткөрүлдү.

Ата Мекенди коргоо күнүнө карата Афган, Баткен согушунун ветерандары менен жолугушуу

кечеси өткөрүлүп, 10-11-классынын окуучулары аскердик даярдыктары боюнча конкурс өткөрүштү.

Башталгыч класстар арасында “Мен Ата Мекнимди сүйөм!” темасында сүрөттөр конкурсу,

6-8-класстар арасында “Мектеп мырзасы”, 9-11-класстар арасында “Күчтүүлөр, кайраттулар,

Шамдагайлар” спорттук мелдештери өткөрүлдү.

9-классынын окучусу томолой жетим Мамбетказиева Алисанын үйүнө ИДН

кызматкери,соцпедагог,тарбия завучу, класс жетекчиси болуп үй-бүлө шарты боюнча рейд

жүргүзүлүп, үй шартынын оор экендиги, тайэнеси,тайэжеси көп ичери, үйдө тынчтык жок экендиги

билинип, Алисаны Кош-Көл айылындагы профинтернатка жиберүү чечилди.

Март айында:

Башталгыч класстарда жолдо жүрүү эрежелери боюнча тарбия сааттары өтүлүп,балдарга жолдон

өтүү, жол боюнча өзүн алып жүрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

5-март Ак калпак күнү, кыргыыз мамлекетинин Гербинин, туусунун күнү белгиленип, тарбия сааттары өтүлдү.

8-Март Аялдардын Эл аралык майрамына арналган аплардын катышуусунда ачык тарбиялык

сааттар, 10-класстын даярдоосунун астында мугалим эжейлерге жана апаларга арналган

концерттик программа, “Жакшы кыз- жакадагы кундуз” 7-11-класстар арасында сулуулар конкурсу

Башталгыч класстарда жана 5-6-класстарда “Менин сүйүктүү апам” темасында сүрөттөр, ырлар

конкурсу өтүлдү.

“Сүйүү- жашоонун мааниси” темасында 8-11-класстар арасында кыздар кеңеши өткөрүлдү.

Жугуштуу оорулардын профилактикасы боюнча мед кызматкерлери, АДК кызматкерлери менен

Кургак оорусуна каршы иш чаралар өткөрүлдү.

ИДН кызматкери менен жолугушуу өтүлүп, “Кылмыш деген эмне?”темасында доклад окулду.

Мектептин ичинде жана айлана чөйрөсүндө тазалык иштери жүргүзүлдү,

11-класстын окуучулары өзүн-өзү башкаруу уюмунун демилгеси менен “ Менин таза айылым”

акциясы жүргүзүлүп, айыл тургундарынын алкышына ээ болушту.

“Нооруз “майрамына карата концерттик майрам уюштурулуп, кыргыздын улуттук

ырлары,бийлери, каада-салттары, тамак-аштары көрсөтүлүп, мектеп окуучулары ата-энелерге

майрам тартуулашты.

Апрель айында,

“Мектеп жашыл бакча” акциясы өткөрүлүп, класстарда гүлдөрдүн өстүрүлүшү, жашылдандыруу,

Айыл өкмөтүнүн жардамы менен жаш балатыларды мектептин айланасына отургузуу иштери жүргүзүлдү.

ИДН менен бирдикте мектеп окуучуларынын арасында налог салуу, зордук зомбулукту болтурбоо

максатында жолугушууларды өткөрүп,9-10-11-класстарынын окуучулары менен аңгемелешүү өттү.

“Кылмыштуулукту болтурбайбыз!” ураанынын алдында “Мыкты спорттук класс”, “Эң күчтүү,

шамдагай жана тез”, “Мен жана менин ата-энем” маданий массалак спорттук оюндары өткөрүлдү.

Май айы.

“Мен КР атуулу болдум” 10-11-класстардын окуучуларына салтанаттуу түрдө паспорт тапшыруу

аземи өткөрүлдү.

Улуу Ата Мекедик согуштун 70 жылдыгына арналган иш чаралар; ачык тарбиялык сааттар, дил

баяндар, рефераттар, дубал газеталар конкурстары, Эмгек ардагерлери менен жолугушуу

кечелери,

согуш ветерандарынын үй-бүлөлөрүнө жана эмгек ветерандарына жакындан жардам берүү үчүн

“Тимурчулар командасынын” рейддери жүргүзүлдү.

“9-Май-Жеңиш күнү” концерттик программасын өткөрүп, 9-май күнү параддан өтүү, Эстеликке

таазим, гүл,венок коюу салтанаттуу аземине катыштык.

19-май отличниктер күнү өткөрүлүп, мектеп отличниктери ардак грамоталары менен сыйланды.

29-май Акыркы коңгуроо салтанаттуу линейкасы өтүлүп, жайкы каникулга карата ата-энелер

4. Ата-энелер менен иштөө.

Мектепте окуучулардын билим сапатынын өсүшүнө ата-энелердин мектеп менен тыгыз байланышта болуусу түздөн түз таасирин тийгизет.

Сентябрь айынан баштап жыл аягына чейин мектеп менен ата-энелердин байланышы тыгыз болуп көп иш чаралар аткарылды.

Сентябрь айында жалпы ата-энелер менен чогулуш өткөрүлүп, мектептин жетишкендиктери жана мектеп кайсы жагынан начар болуп жаткандыгы айтылды.

Окуучулардын формасы, тазалыгы,тартиби жөнүндө сөз болду.Мектепте кыздар жана балдар үчүн бирдей форма кабыл алынып,окуучуларды форма, окуу куралдары менен камсыздоо ата-энелерге милдеттендирилди. Ата-эне, мугалим,окуучу тарабынан үч тараптуу келишимдер түзүлдү.

Мектеп боюнча ата-энелер комитети түзүлүп, мүчөлөрү жана төрайымы Сейдакматова Сабрина шайланды.

Октябрь айында Кылмыштуулукту алдын алуу максатында тартиби оор, үй-бүлөдө ата-энеси башка жакка иштеп кеткен, томолой жетим балдардын үйлөрүнө рейддерди жүргүзүп, көзөмөл кылып туруу үчүн атайын комитет түзүлдү.Мектеп менен тыгыз байланышта болуу үчүн ата-энелерди катыштырган иш чаралар өтүп турары белгиленди.

Сабакка келбей, сабактан качкан окуучулардын ата-энелери менен жекече сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Класстарда ар бир ай сайын ата-энелер жыйналыштары өтүлүп, окуучулардын сабакта жетишкендиктери, кемчиликnери, тартиби жөнүндө талкуулашты.

Ноябрь айында жалпы ата-энелер жыйналышы өтүлүп, мектепте камкордук кеңеши ачылды.

Камкордук кеңешинин мучөлөрү , төрайымы шайланып, камкордук кеңешинин иши башталды.

Ар бир класста ата-энелер жыйналышы өтүлүп, балдарынын 1-чейрек боюнча билим сапаты,жыйынтыгы айтылды.

Декабрь айында

кылмыштуулуктун алдын алуу максатында ар бир класстын ата-энелер комитети чогулуп, окуучулар арасында налог салуу, зордук зомбулукту алдын алуу, болтурбоо чаралары боюнча иш чара өтүлдү.

Жаңы жылдык “Балаты” майрамына катышып балдарына белектерин берип, алар даярдаган концерттик майрамга күбө болуп кетишти.

Январь айында

Жарым жылдык жыйынтык чыгарылып,ата-энелер комитетинин билдирүүсү болду.

Окуучлардын 2-чейрек боюнча билимдери айтылып, жетишпеген, сабакты көп калтырганокуучулардын ата-энелери менен жекече сүйлөшүүлөр болду.

Сабакты көп калтырып жаткан 11-класстын окуучусу Шаршеев Нурбектин энеси менен ,

8-класстын окуучусу Беккожо уулу Элемандын энеси менен сүйлөшүлүп, балдарынын сабакка катышуусуна көзөмөл болуусу, убагында жиберип туруусу милдеттендирилди.

Февраль айында

Ата-энелер Ата Мекенди коргоо күнүнө арналган иш чараларга катышууга чакырылып, балдарынын өнөрлөрунө күбө болуп кетишти.

Ата-энелер комитетинин катышуусу менен үй-бүлөдө шарты оор 7б-классынын окуучусу Абетова Аселдин , томолой жетим 7б-классынын окуучусу Эсентай кызы Эркайымдын үйлөрүнө рейд жүргүзүлдү.Бул кыздарды Кош-Көл айылындагы профинтернатка жиберүү чечилген, бирок кыздардын жашы жетпегендигине байланыштуу бул чечим аткарылган жок.

Тартиби оор 9-классынын окуучусу Айтбеков Саламаттын энеси менен баласынын тартиби жөнүндө сүйлөшүлдү. Саламат өгөй атасы менен батышпагандыгы ошондуктан мүнөзүнүн оорлошу,мектептен эмес үйдөн да качып турганы жөнүндө сүйлөшүлдү.Энеси 9-классты бүткөндүгү тууралуу күбөлүк алса, башка жакка окууга жиберерин айтты.

Март айында

8-Март аялдардын Эл аралык күнүнө арналган ачык тарбиялык сааттар энелердин катышуусу менен өткөрүлүп, энелер балдарынын өнөрлөрүнө күбө болуп, маанайлары ачылды.

Ар бир класста ата-энелер жыйналышы өтүлүп, балдардын тартиби, сабакка катышуусу, жетишүүсү боюнча класс жетекчилердин билдирүүлөрү болду.

Апрель айында

Тартип бузган 9-классынын эркек балдарынын ата-энелери менен жекече сүйлөшүлдү.

ИДн кызматкеринин,администрациянын катышуусунда 9-класстын эркек балдарынын тартиби жөнүндө жыйналыш өткөрүлүп, ата-энелерге балдарынын тартибине үйдөн да катуу көзөмөлгө алууга милдеттендирилди.

Айыл өкмөтүнүн , мугалимдер коллективинин, ИДН кызматкерлеринин,ата-энелердин катышуусу менен мектеп окуучуларынын тартиби, балдарды тарбиялоодо ата-эненин,мугалимдердин, коомчулуктун, айлана-чөйрөнүн таасири жөнүндө ой толгоо жыйналышы өткөрүлдү.

Акыркы жылдары айрыкча айыл арасында балдардын келишпөөчүлүктөрү,аларга болушуп чоң балдар арасында чатактар көп болуп жатканы, аларды канткенде токтотуп, ынтымакка чакыруу керектигине токтолуп, бул проблеманы чогуу отуруп чечишти.

Май айында жалпы ата-энелер жыйналышы өткөрүлүп, жыл жыйынтыгы боюнча билдирүү болду.

5.Ички көзөмөл.

Ички көзөмөлдө метод бирикмелердин жумалыктарын ар бир айга өтүлүшүн, жаш мугалимдерге

насаатчылардын жардамын,өзүн-өзү башкаруунун иши, журналдардын толтурулушу, окуу

куралдарынын сакталышы, мектеп ичиндеги олимпиадалар, таланттуу окуучулар менен иштөө

иштери,көзөмөлгө алуу иштери пландаштырылган.

Жыл ичинде гуманитардык, башталгыч класс, табигый-маткматикалык усулдук бирикмелердин

жумалыктары өтүлдү.

1.Ачык сабактар

2.Дептерлердин абалы

3. текшерүү иштер, тесттер, дил баян, жат жазуулар алынып турду.

Кыргыз тили мугалими Мусаева Г, башталгыч класстын мугалимдери Элебесова Н, Жанабулова

З,тарых мугалими АсанбаевА, математика мугалими Орумбаева М сабактарынын берилиш

ыкмалары,дептерлеринин абалы, текшерүү иштеринин абалы жакшы деп табылды.

Башталгыч класстын мугалими Үсөнбаева Н жаш кадр экендигине байланыштуу

сабак берүү методдору менен тааныштырылды.

2014-2015-окуу жылында ички көзөмөл аркылуу төмөнкүлөр текшерүүгө алынды.

2014-жылдын октябрь айында 5-класстын окуучуларынан билим кесиндиси алынды.

Билим кесиндисин алуудагы тапшырмалар амалдарды аткаруу, теңдеме,бөлчөктөрдү көбөйтүү

болду. Билим кесиндисин текшерүүдө мугалим тарабынан коюлган баалар жогору экендигин

иликтеп жана бөлчөктөрдү көбөйтүү жана бөлүү боюнча кошумча сабактарды өтүү Орумбаевага

милдеттендирилди. 2014-жылдын декабрь айында эмгек,ыр,дене тарбия, адеп сабактарынын

берилиш абалы текшерилди. Эмгек сабагынан берген Сатыбалдиева сааттарына ылайык

бекитилген календардык планы жана сабактын иштелмелери бар экендиги аныкталды.

Мугалим эмгек сабагынан окуучулардын колунан чыккан буюмдарды чогултуп, көргөзмө

уюштурган, кыргыздын улуттук кийимдери окуучулар тарабынан аракет менен

жасалып,окуучулардын эмгек сабагына болгон кызыгуусун арттырды.

2015-жылдын январь айында окуучулардын кыргыз тили сабагы боюнча жазуу иштери

текшерилди. Бул ишти көзөмөлгө алуу убагында окуучулардын жазуу дептерлеринен көптөгөн

кемчиликтер байкалды, көпчүлүк учурда окуучулардын каллиграфиясы талапка жооп бербейт,

орфографиялык, пунктуациялык каталар боюнча кемчиликтер бар, талдоонун түрлөрү өтө аз

жүргүзүлгөндүгү байкалды. Бул боюнча кыргыз тили мугалими Усубакуновага эскертүү берилди.

2015-жылдын февраль айында чет тили сабагынын берилиш абалы ички көзөмөлгө алынды.

Чет тили мугалими Орунбаева Г текшерүүдөн өттү.Бул мугалимдин сабактарына катышуу

жүргүзүлүп, календардык планы, сабактын иштелмелери, өз билимин жогорулатуу папкалары

текшерилди.Сабак мезгилинде окуучулардын сүйлөө речи орто бааланып, мугалимге эскертүү

берилди.Март айында химия,биология сабактарынын берилиш абалы текшерилди.

Бул сабактар боюнча окуучулардын билим сапаты текшерилип, мугалимдин сабакта жаны

технологияларды колдонуусу байкалды. Химия сабагы боюнча окуучулардын кызыгуусу өтө аз

экендиги билинди.Мугалимге кызыктыруучу тапшырмаларды берип, стандарттык эмес

сабактарды көп пайдалануу сунушталды.

6.Педкенешменин иши жөнүндө.

Август айында 2013-2014-окуу жылында иштелген иштер боюнча анализ берилип,жаңы окуу жылына милдеттер кабыл алынды.

Жаңы окуу жылыа карата ОТЖПнын планы талкууланып кабыл алынды. Эксперттик топ шайланды.

Ноябрь айында өтүлгөн педсоветтин эң актуалдуу маселеси “интерактивдүү усулдардын сабакта

пайдалануусу” деген темада жанабулова Зайракандын доклады болду. “Мурунку окуу

жылдарында формативдик баалоону пайдалануу менен сабактарды өтүүдө көптөгөн

кемчиликтерди кетиренбиз,ошол кемчиликтерди ушул окуу жылында кетирбөөгө аракет кылалы”

негизинен бул окуу жылында башкача жол менен иштөөгө үндөдү.

Ноябрь айында өтүлгөн педсоветте актуалдуу маселе катары”азыркы учурдун талабына ылайык

окуучуларды тарбиялоонун жолдору” деген темада мектептин тарбия берүү боюнча директордун

орун басары В.Акматбекова доклад жасады.Ал докдадда төмөндөгүлөргө токтолду: азыркы

учурда б.а техниканын өсүшүнө, ради о телевидениенин өсүшүнө байланыштуу окуучулардын

дүйнөгө болгон көз карашы да өзгөрүлдү. Ушундай мезгилде окуучуларга билим тарбия берүү

үчүн мугалимдер да башка жолдорду издөө менен тарбия берүүгө өтүүсү зарыл. Бул теманы

мектептин денгээлинде чечүү мүмкүн эмес. Ошондуктан бул проблема дайыма ар бир

мугалимдин оюнда, ар бир окуучунун оюнда болушу зарыл.

Январь айында өтүлгөн педсовет актуалдуу болду деп эсептейбиз.”Сабактарда жаны

технологияларды колдонуу”. Бул тема боюнча мектептин директору М,И,Усенов төмөндөгүлөргө

токтолду: “Ар бир муалим азыркы учурдун талабына ылайык жаңы технологияларды колдонуу

менен сабак өтүүсү азыркы мезгилдин талабына зарыл, ар бир мугалим интерактивдүү

методдорду сабактарында колдонуусу керек.

Компьютердик техникалар менен иштөөнү дээрлик ар бир мугалим билүүсү азыркы мезгилдин

зарыл шарты.

Март айында окуучулардын жетишүүсүн баалоо боюнча жыйынтык чыгарылды.Бул жыйынтык

чыгарууда окуучулардын билим денгээлинин өсүшү көрүндү. ОЖБ жана КЖБ ар бир ай сайын

текшерилүүдө,ошондуктан март айында бул маселени кароо администрация үчүн жеңил болду

деп эсептейбиз. Май айында өтүлгөн педсоветте жалпы көчүрүү экзамендери, уюштуруу иштери,

мамлекеттик экзамен берүүчү класстардын билим денгээли жана экзаменге даярдыгы каралды.

Мында ОТЖПнын милдеттеринин аткарылышы, кийинки жылдарга милдеттердин проектиси

каралды.

Июнь айында өткөрүлгөн педсоветте 9-11-класстардын мамлекеттик экзамендеринин жыйынтыгы

каралды жана 9-11-класстардын бүткөндүгү тууралуу документтери тапшырылды.

2014-2015-окуу жылында усулдук кеңешмелердин жетекчилери кайра шайланды.

Мурунку метод бирикме жетекчилеринин ордуна Шамбетова Г, Токтомамбетова Д, Орунбаева Н

шайланды.Ар бир метод бирикменин жылдык,айлык пландары түзүлүп, иштер жүргүзүлө

баштады.

7.Директор алдындагы кеңешменин иши жөнүндө.

Директор алдындагы кеңешме ай сайын өткөрүлүп турду.Сентябрь айындагы өткөрүлгөн

кеңешмеде 1-4-класстарда тамактанууну уюштуруу каралып, окуучуларга тамактанууну өз

убагында таза жана тыкан уюштуруу мектептин ашпозчусуна жана аны көзөмөлдөө тарбия иштери

боюнча директордун орун басарына милдеттендирилди.

Ата-энелер менен үч тараптуу келишимдерди түзүп,бекитүү класс жетекчилерге тапшырылды.

Мектептин соцпедагогу окуучулардын социалдык абалын тактап, ар бир класстагы окуучулар

жөнүндө билдирүү жасады.

Ар бир предмет боюнча таланттуу, жөндөмдүү балдардын ийримдерин ачуу предметтик

мугалимдкрге тапшырылды.

Октябрь айында өткөрүлгөн кеңешмеде мектептин китепканачысы тарбынан уюшулган “Кызыгуу менен окуйбуз” китеп дүйнөсү боюнча 5-8-класстарда өтүлгөн конференциянын жыйынтыгы талкууга алынды.

Класстарды жашылдандыруу жана тазалыгын көзөмөлгө алуу класс жтекчилерге жана кабинет жетекчилерине милдеттендирилди.

Декабрь айында өткөрүлгөн кеңешмеде мектеп ичиндеги олимпиаданы өткөрүү каралып, райондук лимпиадага катышуу үчүн окуучуларды даярдоо предметтик мугалидерге милдеттендирилди. Мектепте жаңы жылдык “Балаты” майрамын өткөрүү тарбия иштери боюнча директордун орун басарына милдеттендирилди.

Январь айында класстык журналдар, окуучулардын өздүк делолорунун текшерилиши боюнча окуу бөлүмүнүн башчысы билдирүү жасады.

Февраль айында балдар чыгармачылыгы боюнча көргөзмө уюштуруу кол эмгек, көркөм өнөр сабактарынын мугалимине тапшырылды.

Март айындагы кеңешмеде мектеп ичинде “Жыл мугалими- 2015” кароо сынагына даярдануу, ага катышуу каралды.

9-11-класстардын экзамен берүүчү предметтер боюнча административдик текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы каралды.

Китепканада “Китеп-биздин досубуз”,”Китеп-билим булагы” көргөзмөлөрүнү өткөрүлүшү каралды.

Апрель айындагы кеңешмеде “Мектеп- жашыл бакча” акциясын өкөрүү, мектептин айланасын жашылдандыруу боюнча тапшырмалар берилди.

Май айында жыйынтыктоо аттестациясы жана көчүрүү экзамендери боюнча даярдыктар , расписание түзүү, экзамендерге окуучуларды киргизүү боюнча каралды.

8.Метод кеңештин иши жөнүндө.

1.2013-2014-окуу жылында иштелген иштердин жыйынтыгы, жаңы окуу жылында окутуунун билим сапатын жогорулатуу боюнча маселелер, метод кеңештин мүчөлөрү бекитилди.Мугалимдер 3 метод бирикмеге бөлүнүп, жетекчилери шайланды.

2 жаш мугалимге насаатчылар бекитилип берилди.

2.”Билим-жашоо ачкычы” окуучулар арасында интеллектуалдык марафонду өткөрүүнүн жыйынтыгы талкууланды.

Тажрыйбалуу мугалимдердин сабактарына катышуу, аларын иш тажрыйбаларын жайылтуу боюнча

3.Окуучулар арасында акын, жазуучулар,манас,дастанчылар, жамакчылардын кароо сынагынын жыйынтыгы,өткөрүлүшү талкууланды.

Таланттуу жана жөндөмдүү окуучулар менен иш алып баруу, XXI-кылымдын интеллектуалы кароо сынагына катышууга даярдануу жана мектепте өткөрүү каралды.

4.Математика,ОИВТ, физика сабактарынын декадасынын өтүшү, алардын берилиш абалы каралды

Жаш мугалимдерге усулдук жардам катары алардын сабактарына катышуу, сабак өтүү методдор

боюнча жардам көрсөтүү.

5. Бүтүрүү класстарында экзамен берүүчү сабактардан жазуу иштерин алуу,окуучулардын экзаменге даярдыктары боюнча талкууланды.

Башталгыч класстарда “Окуучулардын билим сапатын жогорулатуу жана баалоонун түрлөрү” боюнча өтүлгөн семинардын жыйынтыгы каралды.Семинардын өтүшү канааттандыраарлык деп табылды.

6.Окуучулар арасында “Мыкты окуучу” кароо сынагынын өтүшү.Мыкты окуучуну тандап алуу.

Башталгыч классынын мугалими Курманалиева Замиранын “Куррикулум-сапттуу билимге багыт” курриккулум боюнча доклады окулуп,талкууга алынды.

7.метод бирикме жетекчилеринин отчету берилип, кемчиликтер, жетишпей калган иштер боюнча билдирүүлөр жасалып,талкууланды.

Жаны окуу жылына карата милдеттер иштелип чыгып,пландар түзүлдү