ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА МИЛДЕТТЕР

Фундаменталдык предметтер боюнча мониторингдин жыйынтыгынын негизинде 2016-2017-окуу жылы үчүн окуучулардын билим сапатын көтөрүү максатында предметтик мугалимдер үчүн төмөндөгүдөй милдеттер коюлду:

-кыргыз тили боюнча бардык класстардын 1-11-класстардын окуучуларын 100% сабаттуу жазууга жана окууга калыптандыруу;

-башталгыч класстарда окуп,түшүнүүсүнүн үстүндө иштөө,

-башталгыч класстарда окуучулардын кол жазмасынын үстүндө иштөө,

-ар бир сабакта окуучулардын сүйлөө речин өстүрүү,

-башталгыч класстан баштап окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүнүнө көңүл бөлүү,

-окуучулардын кол жазмасына ар бир сабакта көңүл буруу,

-Жөндөмдүү окуучулар менен жекече иш алып баруу,

-райондук,областтык олимпиадаларга окуучуларды даярдоо,

-11-класстын окуучуларынын билим денгээлин көтөрүү менен ОРТ га даярдоо,

-математикалык багыттагы предметтерди окутууну колго алуу,

-физика,химия сабактарында лабораториялык,практакалык иштерди жүргүзүүнү колго алуу,

-орус жана чет тилдеринде эркин сүйлөөгө үйрөтүү,

-тарых,география,биология сабактарында окуп түшүнүүсүнүн жана алган билимдерин практикада колдоно билүүсүнүн үстүндө иштөө,

-кол эмгек,көркөм өнөр,музыка сабактарында балдардын чыгармачылыгын арттыруу,

-кыргыз тил,адабият сабактарында эне тилин билүүгө,өз элинин маданиятын ардактоого үйрөтүү.