МЕКТЕП ТАРЫХЫ

Өрнөк айылындагы Өрнөк орто мектебинин

тарыхынан.

Өрнөк айылында алгачкы мектеп 1950-51-жылдары курулган. Ал кезде 7 жылдык мектеп болуп ачылган. Мектептин алгачкы директору Ибраимов Жумаш агай болгон.

Андан кийин мектеп 3 жылдык болуп,башталгыч класс мектеби болуп кайрадан түзүлгөн.

Мектеп директору Токсобаев Молдокан агай 1959-60 жылдары иштеген.

1970-жылга чейин мектеп директорлору улам алмашып турган. Ошол жылдары тажрыйбалуу мугалимдер: Мамбетов Шайдин агай, Сейитказиева Акий эжейлер иштеп турушкан.

1970-жылы мектеп 8 жылдык болуп кайрадан түзүлүп, мектеп директору Жолдошев Сүйүналы агай 1979-жылга чейин иштеп келген.

1979-жылдан 1990-жылдарга чейин Жумалиев Токтогул агай иштеп турган.

1989-жылы мектеп 11-жылдык жалпы билим берүүчү мектеп болуп ачылган.

Учурда 1991-жылдан баштап Усенов Мурат агай директордук кызматта үзүрлүү эмгектенип келүүдө.

Мектептин ардагер мугалимдери; Абыкаева Үмүт эжей, Асанбаев Абылкасым агай, Элебесова Нурбүбү эжейлер ардактуу эс алууда.

2015/2016-окуу жылында мектепте 23 мугалим эмгектенип жатат.