ОКУУ ПЛАНЫНА ТҮШҮНДҮРМӨ КАТ

2015\2016-окуу жылына карата Кыргыз Республикасынын

жалпы билим берүүч‰ уюмдарынын Базистик окуу пландарына

түшүндүрмө кат

2015\2016-окуу жылына карата түзүлгөн Базистик окуу планы Кыргыз Республикасынын ¤кмµт‰н‰н 2014-жылдын 21-июлундагы „Кыргыз Республикасынын жалпы орто билимдин мамлекеттик билим бер‰‰ стандартын бекит‰‰ жµн‰н䵓 № 403 токтомунун 3-главасына ылайык иштелип чыккан.

Мамлекеттик (инварианттык) компонент Базистик окуу планынын базистик бµл‰г‰н т‰зµт жана Кыргыз Республикасынын аймактарында бирдиктүү билим берүү мейкиндигин камсыз кылат, ведомстволук таандыгына карабастан жалпы билим берүүч‰ уюмдарынын бардык типтери жана т‰рлµр‰ үчүн милдеттүү болуп эсептелет жана µзгµрт‰‰гµ жол берилбейт. Мамлекеттик компонент окуучулар тарабынан сабактар боюнча жалпы билим алууну, активдүү турмуштук көз карашы калыптанган инсандын өнүгүсү үчүн жалпы адамзаттык жана улуттук баалулуктарга ээ болууга кепилдик т‰зµт.

Башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн негизги жалпы билим берүүчү программаларын өздөштүрүүнүн нормативдик убакыттарын кыскартууга, ошондой эле мамлекеттик компоненттин сабактарына бµл‰нгµн сааттарды башка сабактарды окутуу ‰ч‰н жол берилбейт.

Базистик окуу планынын мектептик (гимназиялык\лицейлик, вариативдик) компоненти конкреттүү жалпы билим берүүч‰ уюмунун билим берүү тармагындагы µзгµчµ керектөөлөрүн жана кызыкчылыктарын камсыз кылат жана окуучулардын, алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) мамлекеттик компонентинин сабактарын тереңдетип окутуудагы социалдык заказын ишке ашырат, ошондой эле инсандын ар түрлүү тармактуу ишмердүүлүг‰ндµ окуучулардын таанып-билүү кызыкчылыктарын жана жөндөмдүүлүктөрүн канааттандырат. Мектептик компонентке бµл‰нгµн окуу сааттары бардык гимназия жана лицейлер ‰ч‰н милдеттуу болуп эсептелет жана µзгµрт‰‰гµ жол берилбейт.

Жалпы билим берүүчү мектептерде, гимназияларда жана лицейлерде Базистик окуу планынын мамлекеттик жана мектептик компоненттерин ишке ашырылыщы үчүн төлөм мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланат.

Гимназиялар жана лицейлер ‰ч‰н гимназиялык, лицейлик компоненттерин жана тандоо ‰ч‰н сабактарын сактоо менен жалпы билим бер‰‰ч‰ мектептер ‰ч‰н Базистик окуу планы негиз болуп алынат. Гимназиялык жана лицейлик компоненттер ийрим иштери, лекцияларды, курстарды, циклдерди окутуу аркылуу ишке ашырылат жана Кыргыз Республикасынын ¤кмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 токтомуна (токтомго № 1 тиркеменин 7, 8-пунктары) ылайык республикалык бюджеттен каржыланат.

«Тандоо ‰ч‰н сабактар» (вариативдик) компоненти – бул гимназия жана лицейлердин багыттарын аныктоочу окуу сабактары же элективдүү, профилдик курстары болуп саналат. Алар милдетт‰‰ т‰рдµ окуучулардын тандоосуна берилет. Бул сабактар жалпы билим берүүч‰ уюму тарабынан өз алдынча аныкталат. Бул компонент боюнча окуучулар кµрсµт‰лгµн окуу сааттарынын санынан ашырбай учурдагы окуу жылында окуу ‰ч‰н сабактарды µз алдынча тандап алышат.

Жалпы билим берүүч‰ уюмдар окуучуларга Базистик окуу планынан сырткары сабактарды тереңдетилген окутуунун кошумча билим берүү кызматын, анын ичинде акы тµлµн‰‰ч‰ да, кµрсµт‰‰гµ укукту. Акы төлөө ата-энелердин, демµµрч‰лµрд‰н, жергиликтүү бюджеттин эсебинен ж‰рг‰з‰л‰ш‰ м‰мк‰н. Баалардын прейскуранты КРнын ¤кмµт‰н‰н 2011-жылдын 20-сентябрындагы «Кыргыз Республикасынын жалпы билим бер‰‰ч‰ уюмдарын нормативдик каржылоо принцибине которуу жµн‰ндµ» № 563 токтомуна ылайык КРнын Билим бер‰‰ жана илим министрлигинин 2015-жылдын 25-июнундагы № 848\1 буйругу менен бекитилди (аталган буйрук 2015-жылдын 25-июлунда № 25 «Кутбилим» коомдук-педагогикалык газетасында жарыяланды).

Базистик окуу планы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген негизги жалпы билим берүүчү программаларын, окуу китептерин жана усулдук колдонмолорун пайдаланууну алдын ала караштырат.

I баскычтын Базистик окуу планы башталгыч билим берүүнүн негизги жалпы билим берүүчү программаларын өздөштүрүүнүн 4 жылдык нормативдик убактысына эсептелген.

II баскычтын Базистик окуу планы негизги билим берүүнүн негизги жалпы билим берүүчү программаларын өздөштүрүүнүн 5 жылдык нормативдик убактысына эсептелген.

III баскычтын Базистик окуу планы орто билим берүүнүн негизги жалпы билим берүүчү программаларын өздөштүрүүнүн 2 жылдык нормативдик убактысына эсептелген.

Мектепте окутууга эрте жаш курагындагы балдардын психологиялык-педагогикалык даярдыгынын деңгээлин жогорулатуу жана аларды андан ары социалдык жактан адаптациялоо ‰ч‰н мектепке чейинки билим бер‰‰ч‰ уюмдарына барбаган балдарды мектепке чейинки даярдоо боюнча иштер аткарылат.

Аталган 240 сааттык программа Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги бекиткен тартипте башталгыч класстардын мугалимдери тарабынан ишке ашырылып жатат. Алардын эмгек акылары Базистик окуу планынын окуу жүктөмүн в 2012-2013-окуу жылындагы кыскартуудан үнөмдөлгөн каражаттарынын эсебинен төлөнөт.

Биринчи класска ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каалоосу боюнча 6 жаштан баштап, 7 жаштан кеч эмес балдар кабыл алынат. Биринчи класста окутуу 5 к‰нд‰к иш аптада ж‰рг‰з‰лµт.

2015\2016-окуу жылына түзүлгөн Базистик окуу пландарында төмөнкүдөй сабактар жана интеграцияланган курстар берилет.

«Кыргыз тили» жана «Орус тили» сабактары 1-класстан баштап 11-класска чейин окутуулат. Алардын окуу жүктөмү конкреттүү жалпы билим берүүч‰ уюмунун окутуу тилине кµз каранды.

«Мекен таануу» сабагы (1-4-класстар) башталгыч класстардын окучууларын айлана-чөйрөдөгү кубулуштар, республикада жашаган элдердин рухий маданияты менен тааныштырат.

«Көркөм-сүрөт өнөрү» интеграцияланган курсу 1-4-класстарда окутуулуп, өзүнө «Сүрөт өнөрү» жана «Эмгекке үйрөтүү» курстарын камтыйт. «Эмгекке үйрөтүү» курсуна өзүнчө сааттар каралган эмес.

1-2-класстарда кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде окуу жана жазуу көндүмдөрүнүн бекем калыптанган базасында 3-класстан баштап «Чет тили» сабагы окутуулуп, 11-класста аяктайт.

Эне тилин (кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринен башкалары) үйрөнүүгµ Базистик окуу пландан сырткары жумасында 2 саат бµл‰н‰п берилип, ата-энелер жана демµрч‰лµрд‰н эсебинен каржылануусу менен µткµр‰лµт. Эне тилин окуп-үйрөнүүнү каалаган окуучулардан 8 адамдан кем эмес турган тайпаларды түзүүгө уруксат берилет. Сабакты бир программа боюнча окуу шартында ар кайсы (1-4, 5-11) класстардын окуучуларынан тайпалар түзүлүшү мүмкүн. Эне тилин окуу мезгилинде да, окуудан тышкары убакытта да окутуу мүмкүн.

«Адеп (Этика)» интеграцияланган курсун окутуу 1-класстан 8-класска чейин жумалык жүктөмү 1 саат көлөмүндө жүргүзүлөт. Бул сабак адамдын жүрүм-турум нормалары, анын рухий сапаттары жана республиканын аймагында жашаган элдердин маданий-тиричилик салттары менен тааныштырат. Кыргыз тилинде окуткан мектептердин 9-11-класстарында «Адеп», «Экономикага киришүү», «Адам жана коом» сабактары бир курс катары интеграцияланган. «Адеп» курсун окутуу педагогикалык билими бар мугалимдер тарабынан жүргүзүлөт.

«Табият таануу» интеграцияланган курсу (5-класс) айлана-чөйрөнүн көрүнүштөрү жөнүндө материалдарды µз‰нµ камтыйт жана мектепте билим берүүнүн II жана III баскычтарында табигый-илимий сабактарды окутууга окуучуларды даярдайт.

Компьютердик технологиялардын негизин өздөштүрүү үчүн 7-9-класстарда «Информатика» сабагы окутуулат.

«Физика» жана «Астрономия» сабактары 11-класста атайын сааттарды бөлүп берүү менен бөлөк окутуулат.

«Кыргызстандын тарыхы» (5-11-кл.) жана «Дүйнөлүк тарых» (6-11-кл.) сабактарын атайын саат бөлүп берүү аркылуу бөлөк окутулат.

8-9-класстардагы «Эмгекке үйрөтүү» жана «Чийүү» сабактары бир курска бириктирилген.

1-класстан 5-класска чейин ар бир класста жумасына 1 саат менен «Турмуш-тиричилик коопсуздугунун негиздери (ТТКН)» окутулат. Анын окутуу-тажрыйбалык мазмуну окуучулардын өз коопсуздугуна жана тегерегиндеги адамдардын коопсуздугуна жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырууга, өзгөчө кырдаалдарда өз өмүр‰н жана ден соолугун сактоо көндүмдөрүнө ээ болууга, жабырлануучуларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүүгө, өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен калкты коргоону уюштуруу системасы менен тааныштырууга ж.б. багытталган. Бул сабакка жолдо ж‰р‰‰ эрежелери боюнча, локалдык, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар жана анын натыйжаларынан калкты коргоо, жарандык коргонуу (ЖО), медициналык-санитардык даярдык, ошондой эле дени сак жашоо мүнөзүнүн негиздери боюнча тажрыйбалык сабактар киргизилген.

«Аскерге чейинки даярдоо» (10-11-кл.) сабагына аскердик кызмат өтөөнүн аспекттери менен байланышкан «ТТКН» курсунун мазмуну киргизилген.

6-9 жана 10-11-класстарда «ТТКН» курсун окутуу класстан тышкаркы тарбиялоо иштерине бөлүнгөн 10 жана 5 сааттан кем эмес кµлµмдµг‰ убакыттын эсебинен өткөрүлөт. Сабактарды µткµр‰‰ ‰ч‰н «Билим бер‰‰ жµн‰ндµ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин,2013-2017-жылдарга каралган Кыргыз Республикасынын туруктуу µн‰г‰‰ Улуттук стратегиясынын жана Кыргыз Республикасынын ¤кмµт‰н‰н 2012-жылдын 23-мартындагы «Кыргыз Республикасындагы билим бер‰‰ системасын µн‰кт‰р‰‰н‰н стратегиялык багыттары жµн‰ндµ» № 201 токтомунун алкагында иштелип чыккан ар кандай табигый, экологиялык, техногендик, биологиялык-социалдык жана чыр-чатактуу м‰нµздµг‰ өзгөчө кырдаалдардагы окуучулардын коопсуздук ж‰р‰м-турумун калыптандыруу боюнча «6-11-класстардын окуучулары ‰ч‰н жашоонун сергек м‰нµз‰ боюнча класстык сааттардын иштелмелери» аттуу мугалим ‰ч‰н усулдук колдонмо пайдаланылат. Бул тема боюнча класстык сааттар класс жетекчилери же ушул программа боюнча даярдыгы бар мугалимдер тарабынан µт‰лµт жана класстан тышкары иштердин жалпы ж‰г‰ртмµс‰нµ киргизилет.

Медициналык-санитардык даярдоо боюнча сабактарды өтүү үчүн жалпы билим берүүчү уюмдарга ден соолукту сактоо органдары тарабынан бекитилген медициналык кызматкерлер, ошондой эле «Биология» сабагынын мугалимдери жана медициналык айымдардын программасы боюнча даярдыгы бар бөлөк сабактардын мугалимдери да тартылат.

Санитардык-гигиеналык тарбиялоо маселелери «Адеп», «Мекен таануу», «Биология», «ТТКН» сабактарынын программаларына, үй-бүлөлүк тарбия маселелери — «Биология», «Адам жана коом», «Адеп» сабактарына киргизилген. Жогоруда көрсөтүлгөн багыттар боюнча сабактар башталгыч класстын жана биология мугалимдери, жалпы билим берүүчү уюмдарга ден соолукту сактоо органдары тарабынан бекитилген медициналык кызматкерлери, ошондой эле ушул программа боюнча даярдыгы бар мугалимдер өткµр‰шµт жана окуу жылдын жыйынтыгы боюнча өтүлгөн сааттардын санына жараша белгиленген тартипте эмгек акы төлөнөт.

«Эмгекке үйрөтүү», «Чет тили», «Информатика», «Кыргыз тили», «Орус тили» сабактарын өтүүдө класс 2 тайпага бөлүнөт:

– «Эмгекке үйрөтүү» боюнча: кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде окуткан мектептердин 5-7-класстарынын окуучуларынын саны 30 жана андан кµп болсо;

– «Информатика» боюнча (компьютерде тажрыйбалык сабактарды µткµргµндµ): кыргыз, орус, өзбек, тажик тилдеринде окуткан мектептердин 7-9-класстарынын окуучуларынын саны 30 жана андан кµп болсо;

– «Чет тили» боюнча: орус, өзбек жана тажик мектептерде «Кыргыз тилин» окутууда; кыргыз, өзбек жана тажик мектептеринде «Орус тилин» окутууда 1-9-класстарынын окуучуларынын саны 30 жана андан кµп болсо, 10-11-класстарда окуучулардын саны 25 жана андан кµп болсо.

Гимназияларда жана лицейлерде жогоруда көрсөтүлгөн сабактарды окутууда класстарды тайпага бөлүү класстын төмөнкүдөй толукталышында ишке ашырылат: II баскычтагы класстарда — 25 жана андан кµп окуучу болсо, III баскычтагы класстарда — 20 жана андан кµп окуучу болсо.

Негизги жалпы билим берүүчү программалар боюнча окуучулардын билим деңгээлин баалоо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин нормативдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.

Бардык типтеги жана менчик формасындагы жалпы билим берүүчү уюмдарында окуу жылы 1-сентябрда башталат жана 27-майда аяктайт. Каникул күндөрдү эсепке албаганда окуу жылынын узактыгы: 1-класста -ЗЗ окуу жумасын, 2-4-класстарда — 34 окуу жумасын, 5-11-класстарда сынактык учурду эске алуу менен 34дөн 36га чейинки окуу жумасын түзөт. 1-класстын окуучулары үчүн сабактын узактыгы 40 минутаны, 2-11-класстар үчүн – 45 минутаны түзөт.

Каникулдардын узактыгы тµмµнк‰дµй:

— күзгү — 5 күн — 2015-жылдын 4-ноябрынан – 8-ноябрга чейин;

– кышкы — 25 күн — 2015-жылдын 31-декабрынан – 2016-жылдын 24-январына чейин;

– жазгы — 5 күн — 2016-жылдын 17-мартынан – 22-мартка чейин.

Кыргыз Республикасынын ¤кмµт‰н‰н 2011-жылдын 31-майындагы № 270 токтому менен бекитилген „Билим бер‰‰ уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептµµн‰н тартиби жµн‰н䵓 Нускаманын 5.1-бµл‰м‰нµ ылайык мугалимдин эмгек акысы каникул учурунда сакталып турат.

Эмгек тажрыйбасы 5-8-класстарда күнүнө 2 сааттан, 10-класстарда – күнүнө 3 академиялык саат менен өткөрүлөт. Жалпы билим берүүчү уюмунун педагогикалык кеңеши жергиликтүү шартты эске алуу менен эмгек тажрыйбасынын өтүү мөөнөтүн жана тартибин аныктайт.

Биринчи класстарынын окуучулары үчүн 3-чейректе кошумча жумалык каникул өткөрү‰ райондук\шаардык билим берүү бөлүмүнүн макулдугу менен каралат.

Окуу учурунда окуучуларды айыл чарба жумуштарына тартууга тыюу салынат.

Мамлекеттик жалпы билим берүүч‰ уюмдарынын окуу пландары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги бекиткен Базистик окуу планынын негизинде иштелип чыгат жана тиешелүү райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү менен макулдашылат (1-тариз).

Мамлекеттик эмес жалпы билим берүүчү уюмдарынын, республиканын карамагындагы жалпы билим берүү уюмдарынын жана кесиптик окуу жайларынын карамагындагы жалпы билим берүүч‰ уюмдарынын окуу пландары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен 2015-жылдын 25-августуна чейин макулдашуудан µтµт (2-тариз).

Ар бир класстагы жыйынтыктоочу окуу жүктөмү жалпы билим берүүчү уюмдарынын окуучулары үчүн милдеттүү жана максималдуу м‰мк‰н䉉 болуп эсептелет.

Лицейлер, гимназиялар, мамлекеттик эмес жана жеке-мамлекеттик мектептер (класстар) үчүн 6 күндүк окуу жумасында жогорку чектеги жыйынтык жүктөмү: 1-класста – 22 саатты; 2-3-класстарда – ар бирине 25 с.; 4-класста – 26 с.; 6 күндүк окуу жумасында: 5-класста –28 с.; 6-класста32 с.; 7-8-класстарда – ар бирине 34 с.; 9 -11-класстарда – ар бирине 35 саатты т‰зµт.

Кыргыз Республикасынын

Билим берүү жана илим министрлигинин

Мектепке чейинки, мектепте жана мектептен тышкары билим бер‰‰ башкармалыгы

Макулдашылды: Бекитемин:

Ысык-Көл райондук Өрнөк орто мектебинин директору

Билим берүү бөлүмүнүн башчысы _____________________________Усенов М.И.

___________________Абирова Д.Э.

Өрнөк орто мектебинде кыргыз тилинде окутуучу жалпы билим берүү үчүн 2015/2016-окуу жылынын базистик окуу планы.