Башталгыч класстар(1-4 класстар)

Башталгыч класстарда жалпы билим берүү

2015-2016-окуу жылында мектепте "Наристе" программасынын негизинде 480 сааттык даярдоо класстары ачылды.

Өрнөк орто мектебине сентябрь айында даярдоо классына 37 бала кабыл алынды.

Бекитем:

Мектеп директору:_________ Усенов М.И

6 жаштагы балдарды мектепке даярдоо классындагы

сабактардын расписаниеси

Бекитем:

Мектеп директору:________Усенов М.И

6 жаштагы балдарды мектепке даярдоо классынын

иштөө тартиби (регламент)

1-смена 2-смена

1. 11.00-11.35 1.13.00-13.35

2. 11.40-12.15 2.13.40-14.15

3. 12.20-12.55 3.14.20-14.55

Программанын максаттары

Программа төмөнкү социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган:

-мектепке чейинки программаларга тартылбаган 6 жаштагы балдарды мектепке окууга сапаттуу даярдоо жана алар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.

-өзгөчө муктаждыктары бар балдарды билим берүү процессине тартуу.

Бул программанын алкагында балдарды мектепке даярдоо төрт багыт боюнча жүргүзүлөт:

1. Социалдык ыңгайлашуу;

2. Жалпы өсүү(эс-тутумдун,көңүлдүн,интеллекттин өсүүсү);

3. Окууга болгон кызыгууну жараткан мотивдерди калыптандыруу;

4. Балдардын ден соолугун коргоо жана бекемдөө,алардын дене жана психикалык жактан өсүүсү үчүн болушунча шарттарды түзүү.

Программанын негизги милдеттери.

Билим берүүчү:

-мектепте ийгиликтүү окуу үчүн негизги психикалык процесстерди (көңүл,эс тутум,ой жүгүртүү) өстүрүү;

-балдарда Кыргызстан,анын борбору-Бишкек шаары,өз чөлкөмү(айыл,шаар ж.б), мамлекеттик символдор,улуттук кийимдер тууралуу түшүнүктөрдү,билимдерди калыптандыруу;

-адамдын коомдогу жана мектептеги жүрүм-турумун аныктооочу маанилүү социалдык ченемдер жана баалуулуктар тууралуу түшүнүктөрдү,билимдерди калыптандыруу;

-жөнөкөй математикалык билимдерди калыптандыруу;

-кепти активдүү пайдалануусун жана фонетикалык угумду калыптандыруу;

-мектепте окууга эмоционалдык оң мамилени калыптандыруу;

-конструктивдүү өз ара мамиленин жөнөкөй көндүмдөрүнө окутуу;

-мектепте окуу үчүн зарыл окуу иш-аракеттерин өстүрүү;

-көрсөтмөлөрдү аткаруу жана эреже боюнча аракеттене билүүсүн калыптандыруу;

-окууга кызыгуусун калыптандыруу;

-балдарды мектепке даярдоо менен башталгыч билим берүү предметтеринин ырааттуулугун калыптандыруу;

-балдарды мектеке даярдоо менен башталгыч билим берүү предметтеринин ырааттуулугун камсыз кылуу.

Өстүрүүчү:

-6 жаштагы балдардын теңтуштары жана чоң адамдар менен пикирлеше билүүсүн өстүрүү;

-түрдүү турмуштук жагдайларга карата чечим таба билүүсүн калыптандыруу;

-6 жаштагы балдардын кызыкчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен,окутуу,тарбиялоо жана өстүрүү процессин уюштуруу;

-жазуунун майда булчуңдарды иштетүүчү кызматтарын жана жаза билүүсүн өнүктүрүү;

-айлана-чөйрөнү таанып-билүүнүн табигый-илимий формасына(тажрыйба,изилдөө,эксперимент ж.б)кызыгууну арттыруу;

-жөнөкөй логикалык ой жүгүртүү жөндөмүн өстүрүү;

-акыл калчап,жыйынтык чыгара ала билүүсүн калыптандыруу;

-сабактарда,оюндарда чыгармачылык шыгын жана ой-чабытын өстүрүү;

-организмдин физикалык мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу;

-адам үчүн ден соолукту чыңдоонун,коргоонун жана дене маданиятынын маанилүүлүгүнтүшүнүүнү өстүрүү;

Тарбиялоочу:

-6 жаштагы балдарда мекенчилдик сезимдерди,Мекени-Кыргызстанды,өз чөлкөмүн (айыл,шаар) сүйүүнү жана аны менен сыймыктанууну калыптандыруу4

-Кыргызстанда жашаган калкты урматтоого тарбиялоо;

-эмгекти жана чоң адамдардын эмгеги менен жаралган баалуулуктарды урматтоо;

-мамиле кылуу сапаттарын,муктаждыктарын жана кызматташууга болгон жөндөмдүүлүгүн калыптандыруу;

-мектеп окуучусуна тиешелүү сапаттарды (эмгекти сүйүү,чынчылдык,тыкандык,тартиптүүлүк)калыптандыруу;

-теңтуштарын,айланасындагы адамдарды урматтоого тарбиялоо;

-өз ара түшүнүү жана өз ара жардам берүү сезимин өркүндөтүү;

-мектептеги жана коомдогу жүрүм-турум маданиятынын ченемдерин жана эрежелерин балдарга сиңирүү;

-өз ара достук мамилени жана айланадагыларга өз ара оң мамиле жасоо көндүмдөрүн өстүрүү.

Балдарды 6 жаштан мектепке даярдоодо окуу процессин уюштурууга карата жалпы талаптар.

Даярдо класстарында билим берүү процессин уюштуруу Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын,Кыргыз Республикасынын”Мектеке чейинки билим берүү жөнүндө” мыйзамынын,”Мектеке чейинки билим берүү жана балдарды кароо” мамлекеттик стандартынын, Билим берүүнү 2012-2020-жж.өнүктүрүү стратегиясынын,САНПиНдин,Мектеке чейинки билим берүү уюмдары жөнүндө типтүү жобонун,мектептин уставынын ж.б. бир катар башка документтердин негизинде курулат.

Мындан улам:

1.Балдарды мектепке даярдоо класстарынын ишмердигин жалпы башкарууну мектептин директору ишке ашырат, окуу процессин уюштуруу анын окуу тарбия иштери боюнча орун басарына жүктөлүт;

2.Негизги билим берүү иши, балдардын ден соолугун коргоо жана чыңдоо балдарды мектепке даярдоо классындагы педагогго жүктөлөт;

3.Директор орун басарлары менен бирдикте балдарды мектепке даярдоо классындагы педагогдун ишмердигине көзөмөл жүргүзөт,анын ичинде сабактарга катышуу жана тарбиялык иш чаралар аркылуу көзөмөлдүк кылат.

4.Балдарды мектепке даярдоо классындагы окуу планы, сабактардын күн тизмеги,күн тартиби бир балага карата жол берилген эң көп окуу жүктөмүн-беш күндүк окуу жумасына 15 саатты сактоону эске алуу менен түзүлөт.

5.Окуу план Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын иштешин жөнгө салган ченемдик жана укутук документтерди эске алуу менен түзүлөт.

6. Балдарды мектепке даярдоо класстары атайын иштелип чыккан “Наристе” программасы,усулдук материалдардын,колдонмолордун,сунуштардын топому менен иштейт.

7.Жогорку турган билим берүүнү башкаруу органы мектептин уставы.

Балдарды 6 жаштан мектепке даярдоо үчүн

окуу планы.

“Наристе” программасынын окуу планы беш компетенцияга негизделет:

1.Социалдык-эмоционалдык компетенттүүлүк балага социалдык-ыңгайлашууга,оң жүрүм-турумга жана социумда мамиле кылганга жөндөмдүү чыгармачыл инсан болгонго,кыргыздардын жана Кыргызстанда жашаган башка элдердин этно-маданий баалуулуктарын түшүнүүгө мүмкүндүк берет.

2.Ден соолукту сактоо компетенттүүлүгү балага өзүнүн ден соолугу; жеке гигиенасы үчүн кам көргөнгө; урмуш тиричилик коопсуздук эрежелерин сактоого кыймылдуу көндүмдөргө ээ болгонго жардам берет.

3.Коммуникативдик-тилдик компетенттүүлүк эне тилинде жана башка тилдерде оозеки пикирлешүүдө жана өз ара мамиледе оозеки байланыштын түрдүү каражаттарын пайдаланганга мүмкүндүк берет.

4.Таанып билүүчүлүк компетенттүүлүгү 6 жаштагы балага курчап турган дүйнөнү таанып билүүнүн табигый-илимий ыкмасына кызыгууга түртөт; талдап,баалап,акыл калчап жыйынтык чыгара алууга; математика,сабат ачуу,эне тил боюнча билимдерге ээ болгонго; алынган билимдерди жана маалыматтарды пайдаланганга шарт түзөт.

5.Чыгармачылык компетенттүүлүк балада буларды өстүргөнгө мүмкүндүк берет; живопись,скульптура,музыка,элдик кол өнөрчүлүк,искусство тууралуу билимдердин негиздерине кызыгууга;көркөм чыгармага,элдик чыгармачылыкка карата өзүнүн мамилесин билдиргенге;өзүнүн жеке көркөм өнөнрлөрүн жаратканга; түрдүү көркөм каражаттарды пайдаланганга,майда булчуңдарды өстүрүүчү кызматтарды,сенсордук талдоону жана жазуу көндүмдөрүн өнүктүргөнгө жардам берет.

Окуу планы төмөнкү предметтик чөйрөлөрдү

өзүнө камтыйт.

1.Дене өстүрүү;

2.Айлана-чөйрө менен тааныштыруу;

3.Кеп өстүрүү жана көркөм адабият;

4.Сабат ачуу;

5.Жөнөкөй математикалык түшүнүктөрдү калыптандыруу (ЖМТК)

6.Көркөм өнөр чыгармачылыгы;

Программада окуу планынын эки варианты камтылган:

1.Биринчи вариант салттуу предметтик чөйрөлөрдү камтыйт: дене өстүрүү,айлана чөйрө менен тааныштыруу,кеп өстүрүү жана көркөм адабият,сабат ачуу,көркөм өнөр чыгармачылыгы.

2.экинчи вариантка куррикулумдун тилдик компетенцияларына ылайык кошумча предмет”Экинчи тил” кирген.

Жылдык программанын окуу планы

(биринчи вариант)

Буйрук №

Август 2015-жыл Өрнөк орто мектеби

“Балдарды мектепке даярдоо жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын”Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” мыйзамынын,”Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды кароо” мамлекеттик стандартынын, Билим берүүнү 2012-2020-жж.өнүктүрүү стратегиясын аткаруу максатында жана 480 сааттык “Наристе” программасынын негизинде буйрук кылам:

1.2015-2016-окуу жылында сентябрь айынан баштап Өрнөк орто мектебинде 480 сааттык “Наристе” программасынын негизинде даярдоо классы ачылсын.

2.Балдарды мектепке даярдоо классын ачуу үчүн мектепте бардык шарттар түзүлүп берилсин.

3.2015-жылдын 1-сентябрына чейин 6 жаштагы балдардын саны такталсын.

4.Балдардын санын тактоо жана ата-энелер менен байланышып, түшүндүрүү иштерин уюштуруу Кадырбекова Акжолтойго тапшырылсын.

5.Балдарды 6 жаштан мектепке даярдоодо окуу процессин уюштуруу,окуу планын түзүү,расписание жана регламент түзүү “Наристе” программасынын талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.

6.Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө мектептин окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары В.Акматбековага жүктөлсүн.

Мектеп директору: Усенов М.И.

Балдарды 6 жаштан мектепке даярдоо

программасынын иш тартиби.

1.Окуу процесси 1-сентябрда башталып, 25-майда бүтөт.

2.Окуу жылынын узактыгы 32 жума.

3.Сабактар жумасына 5 күн (ишемби.жекшембиден башка) күндөрү өткөрүлөт.

4.Жумасына 15тен ашпаган (жумасына 60 саат) сабак өткөрүлөт.

5.Күнүнө 3 төн ашпаган сабак (3 академиялык саат) өткөрүлөт.

6.Сабактын узактыгы 35 мүнөттү түзөт.

7.Эртең мененки гимнастиканын узактыгы- 10 мүнөт; физминутка-3 мүнөт,

Кыймылдуу оюндар 10-15 мүнөттү түзөт.

8.Биринчи жана экинчи сабактардын ортосундагы танапис 15 мүнөткө созулат.

9.Экинчи жана үчүнчү сабактардын ортосундагы ойноо тыныгуусу жумасына 3 жолу 35 мүнөттөн өткөрүлөт.

10. Экинчи жана үчүнчү сабактардын ортосундагы музыкалык тыныгуусу жумасына 2 жолу, 35 мүнөттөн өткөрүлөт.

11.Каникулдар КР БИМ бекиткен башталгыч класстардын каникул мезгилинде берилет жана жылына болжолдуу бир айды түзөт,

Ноябрда 1 жума, январда 2 жума, февралда 1 жума, мартта 1 жума,демек, окуу жылынын узактыгы 8 айды түзөт

Мугалимдер жөнүндө маалымат.

Буйрук №2

1-сентябрь 2015 Өрнөк орто мектеби

“Мугалимдерди жумушка алуу жөнүндө”

1. 2015-жылдын сентябрь айынан баштап төмөнкү мугалимдерди жумушка алууну буйрук кылам:

1.Кадырбекова Акжолтой Кадырбековна өз

арызынын негизинде даярдоо классынын

мугалимдигине алынсын.

2.Акматбекова Нурмира Асанкановна өз

арызынын негизинде даярдоо классынын

мугалимдигине 2015-2016-окуу жылы

үчүн убактылуу алынсын.

Мектеп директору: Усенов М.И.

2015-2016-окуу жылы үчүн окуу планы

USAID "Бирге окуйбуз" программасы

Өрнөк орто мектеби 2015-жылдын сентябрь айынан баштап "Бирге окуйбуз" долбоорунун алкагында иштеп жатат.

Мектептин башталгыч класстарынын 5 мугалими август айында атайын даярдоо курсунан өтүп,алган тажрыйбаларын

сабактарында колдонууда.

Башталгыч класстардын метод бирикмесинде ментор шайланып, план түзүлүп, бекитилди. Ачык сабактар жана семинарлар

өтүлүп,мугалимдин ишмердүүлүгү,окуучулардын жетишкендиктери жана кемчилиги талкууга алынып турду.

"Бирге окуйбуз" долбоору боюнча мектепте түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп,башталгыч класстардын мугалимдеринин арасында семинар өтүлүп, жаш мугалимдерге насаатчы мугалимдер бекитилип,долбоордун алкагында иш жүргүзүлө баштады.

Долбоордун графиги боюнча башталгыч класстарда ачык сабактар өтүлүп жатат. 1-классында "Б тыбышы" темасында Фонеманы кабыл алуу боюнча сабак өтүлүп,анализ берилди.

Долбоордун алкагында мугалимдердин ишмердүүлүгүн байкоо жана окуучулардын жетишкендиктерин байкоо, мониторинг жүргүзүү үчүн портфолиолор түзүлдү.

Мугалимдер ар бир сабакта окуу көндүмдөрүн өнүктүрүү,окуп түшүнүүсүн айтып берүү,сөз өстүрүү боюнча окуучулардын жөндөмүн өнүктүрүүдө.

10-декабрда "Бирге окуйбуз" долбоорунун негизинде 4а-класста шар окуу кондүмдөрүнө үйрөтүү, окуп

түшүнүүсүн айтып берүү, жаңырык окуу боюнча ачык сабак өтүлдү. Сабакка ата-энелер да катышып, балдарынын билимдерине ыраазы болуп кетишти.

Мектеп директору: Окуу бөлүмүнүн башчысы:

Метод бирикменин башчысы:

USAID “Бирге окуйбуз” долбоорунун алкагында Өрнөк орто мектебинин башталгыч класстардын мугалимдери үчүн 2015-2016-окуу жылында

7-октябрдан 10-майга чейин өтүлө турган семинардын,ачык сабактын тематикалык-календарлык планы.

Бекитем:

Мектеп директору:__________Усенов М.И

Өрнөк орто мектебинде USAID “Бирге окуйбуз” долбоорунун негизинде уюштурулган окуу лагерин өтүүнүн графиги.

2015-2016-окуу жылы үчүн расписание